Иликтөөдө эң биринчи учур декабрда аныкталганы жана Британия менен Нигерияда пайда болгону белгиленет.
Окумуштуулардын айтымында, жаңы штамм былтыр декабрда Британияда пайда болгон B117 вирусуна окшош. Бирок антителага каршы алда канча туруктуу. Британияда вирустун жаңы түрүнө 32, Данияда 35, Нигерияда 12 киши кабылган. Бир нече учур АКШ, Франция, Гана, Австралия, Канада, Иордания жана Испанияда катталган.
Соңку беш аптадан бери COVID-19 вирусун жуктурган учурлар азайууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Гебрейесус билдирди. Эгер жыл башында жума сайын 5 миллион киши вируска чалдыгып турса, азыр бул сан 2 миллионго чейин азайды.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери 109 миллион кишиге вирус жукту, 2,4 миллиону көз жумду.