Ссылки доступа

Конгресс Капитолийдеги тополоңду иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзөт


АКШ Конгресси 6-январдагы Капитолийдеги кандуу башаламандыкты иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзөт.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси (демократ, Калифорния штаты) комиссия түзүү жөнүндө 15-февралда демократ кесиптештерине кат жолдоду.

Комиссия иликтөө жүргүзүп, “ички теракт” менен “бийликти тынч өткөрүп берүүгө жолтоо болууга” байланыштуу фактыларды жана себептерди кабарлап турат. Спикер Конгресс окуянын чындыгын билиши керек деп эсептейт.

Комиссия түзүү демилгеси 13-февралда сенат мурдагы президент Дональд Трампка импичент жарыялоодон баш тарткандан кийин күчөдү.

Киши өлүмүнө алып келген бул тополоңду ошол кезде президент болуп турган республикачы Доналд Трамптын тарапташтары уюштурган болчу. Алардын кол салуусунун айынан АКШ Конгрессинин кош үйүнүн биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Бул отурумда Трамптын атаандашы, демократ Жо Байден 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкендиги биротоло тастыкталып жаткан болчу.

XS
SM
MD
LG