Расмий маалыматта эң алгач эмдөөнү 65 жана андан жогорку жаштагылар, өнөкөт оорусу барлар, медицина, укук коргоо кызматкерлери жана мугалимдер алары айтылат.
Эмдөө ыктыярдуу түрдө болот.
Өлкө боюнча 3 138 эмдөө бөлмөсү жана 820 мобилдик бригада түзүлдү.
Өзбекстан бийлиги быйыл калктын 20 пайызын эмдөөгө ниеттенүүдө.