Ага ылайык, Орусиянын аймагына COVID-19 жок экенин ырастаган эки ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөткөн чет өлкөлүк студенттер гана киргизилет. Алар алгачкы тестти Орусияга келгенден үч күн мурда, экинчисин акыркы 72 сааттын ичинде тапшырышы керек болот.
Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу миңдеген чет өлкөлүк студент Орусияга кире албай калганы тууралуу бир нече жолу кабарланган. Жогорку окуу жайлар студенттердин көбүнө аралыктан окууга уруксат бербегендиктен, алар окуу үчүн төлөгөн акчасы текке кетип каларын айтып чыгышкан.
Былтыр сентябрдын башында Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин алдына ондогон студент топтолуп, мекемеден Орусияга кетүүгө жардам берүүнү өтүнүшкөн:
Акыркы апталарда Орусиянын бийлик өкүлдөрү коронавируска байланышкан абал кыйла жакшырып калганын, айрым өлкөлөр менен чек араларды ачууга даяр экенин көбүрөөк билдире башташты.