Ссылки доступа

Тажикстанда камакта отурган мурдагы талаа командири абактын кызматкерин сабаганы кабарланууда


Хужа Каримов.

Тажикстандагы жарандык согуш жылдары «Элдик фронтту» жетектеген Хужа Каримов (Командир Хужа) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынын кызматкерин сабап салды. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя эки жума мурда Каримов камакта отурган УКМКнын тергөө абагында болгон.

«Анда «Командир Хужа» менен камактагы бир нече кишинин ортосунда чыр чыккан. Аларды ажыратууга аракет кылган абактын кызматкери Каримов тарабынан сабалган», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, Каримовго каршы «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча жаңы кылмыш иши козголду.

Тажикстандын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Азырынча окуя боюнча Хужа Каримовдун, жакындарынын же адвокатынын пикири белгисиз.

2-февралда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон мурдагы талаа командирине козголгон кылмыш иштери тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Өткөн жылы Каримовго каршы Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу», «Кыйноо», «Кескилик» жана «Мыйзамсыз курал-жарак сактоо» беренелери боюнча кылмыш иштери ачылганы кабарланган.

Тажикстандагы жарандык согуш маалында (1992-1997-жылдары) таасирдүү талаа командири болгон Хужа Каримов өлкөдөн 2001-жылы чыгып кеткен. 2019-жылы жайында Интерпол Душанбенин өтүнүчү менен аны Дубай шаарында кармаган. 2020-жылы Бириккен Араб Эмираттары Каримовду Тажикстанга өткөрүп берген.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG