Ссылки доступа

Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча 12 депутаттан турган комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңеште 17-февралда Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын курамына 12 депутат мүчө болду.

Мындай комиссияны түзүү сунушун "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов берген.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев кирди.

Алар жакынкы күндөрдө комиссиянын иштөө мөөнөтү менен регламентин бекитишет.

XS
SM
MD
LG