Ссылки доступа

Өзбекстан жыл аягына чейин 4 миллиондон ашуун кишини эмдөөнү пландоодо


Өзбекстанда биринчи кезекте коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө муктаж болгондордун саны 4 112 668 кишини түзөт.

Өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык сактоо кызматынын төрайымы Вазира Муталованын айтымында, эмдөөдөн 65тен 74 жашка чейинки 1 085 797 киши өтүшү керек. Тизмеде 447 976 медицина кызматкери, 888 190 өнөкөт оорулуу, 689 383 мектеп мугалими, 223 426 бала бакча кызматкери, 180 000 укук коргоо органдарынын өкүлү бар.

Муталованын билдиришинче, калктын бул контингенти медициналык мекемелерде атайын түзүлгөн бөлмөлөрдө эмдөөдөн өтөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коронавируска каршы эмдөө 10-февралда башталарын жарыялаган.

Буга чейин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Данияр Ганиев аз камсыз, карыган жана калктын башка аярлуу катмары үчүн эмдөө бекер болорун билдирген.

Ушул тапта калк үчүн кайсы вакцина колдонулары тууралуу расмий маалымат жок.

XS
SM
MD
LG