Ссылки доступа

Казакстанда жоюлуп жаткан Tengri Bank'тын мурдагы башчысы кармалды


Казакстанда банк операцияларын жүргүзүү лицензиясынан ажыратылган коммерциялык Tengri Bank'тын башкармалыгынын мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы мониторинги боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ержан Шайкенов 16-февралда кармалган. Азырынча ага кандай айыптар тагылганы белгисиз. Мекеме «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалымат берилбей турганын» белгиледи.

Tengri Bank жоюулуп жаткан банктардын катарында — анын ишмердүүлүгүн мажбурлап токтотуу тууралуу Алматынын райондор аралык экономикалык сотунун чечими 15-февралда күчүнө кирген.

Казакстандын Каржы базарын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү боюнча агенттиги 2020-жылы сентябрда банкты лицензиясынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган. Анда мекеме бул чечимин банктын системалуу түрдө нормативдерди бузуп келгени менен түшүндүрүп, анын каржы абалынын начарлашына «акционерлери менен менеджментинин аракеттери» себеп болгонун белгилеген.

Февралдын башында Tengri Bank'тын Административдик-чарбалык департаментинин мурдагы директору Алмас Бакытов менен жеке компаниялардын биринин жетекчиси Тогжан Рахметовго издөө жарыяланган.

Былтыр ноябрда банктын каражатын уурдоо ишинин алкагында башкармалык төрагасынын мурдагы орун басары Бахтияр Ильясов менен Алматы филиалынын директорунун мурдагы орун басары Асет Жадыков кармалган.

Казакстанда 25 банк бар. Ушул айда Каржы базарын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү боюнча агенттик AsiaCredit Bank'ты лицензиясынан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG