Ссылки доступа

Кыргыз базарын кымбатчылык басты (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- ​Өзбекстан Сардаба суу сактагычын кайра курат. (видео)

- Кыргыздын эрке кызы узап кетти. Кыргыздын чыгаан театр жана кино ишмери, атактуу актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү 17-февралда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн коштошуу зыйнатына бийлик өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, актрисанын замандаштары жана жакындары катышты. 60 жылдан ашуун өмүрүн кыргыз искусствосуна арнаган Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жаш курагында көз жумган. (видео)

- Кыргыз базарын кымбатчылык басты. Кыргызстанда акыркы кезде бир катар азык-түлүк, курулуш товарлары кымбаттады, машиненин тетиктеринин баасы да көтөрүлдү. Бир литр суу май 160 сомго чейин сатылып, колдонуучулардын нааразы пикирин жаратууда. Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт бул көйгөйдү чечүүгө аракет көрүп жатканын айтты. (видео)

- Кордук көргөн Ибрагимге ишкер үй берди. (видео)

- Тажикстандагы коррупционерлердин рейтинги. (видео Директ)

- Активист Кенжебек Абишев азаттык алган жок. (видео)​

- «Кармен» - сүйүү жана кызганыч баяны. Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театрынын быйылкы сезонунун башында француз композитору Жорж Бизенин төрт актылуу «Кармен» операсы тартууланды. Анда сүйүү, кызганыч, кылмыш менен коштолгон кызыктуу окуя баяндалат. (видео)

- «Күнүнө 500 сом тапсак сүйүнөбүз...». Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жумушсуздардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 пайызга өскөн жана аталган министрликтен жумушсуз катары 98 700 киши расмий каттоодон өткөн. (видео)

- Нур-Султандын тургундары мамлекеттик программа боюнча берилген турак жайдын сапатына даттанып жатышат. (видео)

- «Адам укуктары сатылбайт». (видео )

- Бишкек прокуратурасы парктарды оңдоого кеткен каражаттын төркүнүн иликтөөдө. (Настоящее время)

- Раянанын атасы мекендештерден жардам күтөт. (видео)

- «Менин айлыгым — 32 миң теңге». Актөбөдө автобус айдоочулары иш ташташты. (Казакстандан видео)

- Казакстанда дээрлик бир жылдан бери өкмөт менен парламенттен маалымат алуу кыйын болууда. (видео)

-Кыргызстан саясатында аялдар эмне үчүн аз? (видео)

- Крымдагы «Путиндин сарайы» (видео Директ)

- Кытай консулдугунун алдындагы акция: «Уулумду тирүү кезинде көргүм келет». (видео)

- "Жашыруун мөөрдүн астындагы Конституция". Кыргызстан кантип президенттик өлкөгө айланууда? (Настоящее время)

- Азия 360°: Шахрихандын бычактары. (Настоящее время)

- Эмнеге тажикстандыктар акыйкатчыга нааразы? (Настоящее время)

- «Гранфлюэнсерлер»: соцтармактардагы 70 жаштан ашкан колдонуучулар. (видео)

- Бриллиант клондор: Нью-Йорктун жашоочусу Жон Хатлеберг эң баалуу бриллиант таштардын көчүрмөсүн жасайт. (видео Директ)

- Белгилүү өзбек бийчиси америкалыктарга пандемия учурунда «Лязги» бийин үйрөтүүдө. (видео)

- COVID-19га каршы эмдөө: мамлекеттик келишимдер Дарига Назарбаеванын кудасынын колундабы? Казакстанга коронавируска каршы вакцинаны өлкөдөгү эң таасирдүү үй-бүлөнүн мүчөсүнө таандык компания жеткирет. (видео)

- «Араб жазындагы» жана азыркы нааразылыктардагы социалдык түйүндөрдүн ролу. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG