Ссылки доступа

Назарбаевдин тууганы "Казактелекомдун" акционери экени аныкталды


Люксембургда катталган оффшордук компаниялардын документтери жарыяланган LRB реестринде Казакстандын телекоммуникация монополисти “Казактелекомдун” 24 пайыз акциясына ээлик кылган Skyline Investment Company S.A. компаниясынын жалгыз түзүүчүсү казакстандык Кайрат Сатыбалдыулы экени көрсөтүлгөн.

Ал Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин инисинин баласы.

"Казактелеком" компаниясы буга чейин кожоюндардын арасында люксембургдук компания бар экенин билдирген. Бирок алардын башчыларынын атын атаган эмес.

Люксембург көп жылдар бою оффшордо катталган компаниялар тууралуу маалыматтарды сыр сактап келген. Үч жыл мурун Европа биримдиги арам акчаны адалдоого каршы күрөштүн алкагында өлкөнү бул маалыматты ачыктоого милдеттендирген.

Оффшордук компаниянын капиталы, киреше жана чыгашалары теңге менен көрсөтүлгөн. Каржы отчетторуна караганда, 2018-жылы Skyline Investment Company S.A. компаниясынын активдери 266 миллион долларды түзгөн.

“Казактелекомдун” 25 пайыз акциясын 2018-жылы казакстандык эң бай бизнесмендердин бири Александр Клебанов люксембургдук компанияга өткөрүп берген. Буга уруксат берген келишимге ал кездеги өкмөт башчы Бакытжан Сагинтаев кол койгон. Макулдашуунун шарттары айтылган эмес.

Сатыбалдыулы буга чейин Skyline Investment Company S.A. менен байланышы бар экенин айткан эмес.

Компания таза кирешесинин 5 пайызын Люкембургдун казнасына төлөйт.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, Сатыбалдыулы буга чейин ири байланыш операторунун акцияларына ээ болгон. 2016-жылы Alatau Capital Invest компаниясы аркылуу “Казактелекомдун” 4 пайыз акциясын сатып алган. 2019-жылы бул компания бюджетке 172 миң теңге (412 доллар), 2020-жылы 11 теңге (0,02 доллар) салык төлөгөн.

2019-жылы “Казактелекомдун” таза кирешеси 170 миллион долларды түзгөн. Компаниянын 51 пайыз акциясы “Самурук-Казынага”, 24,46 пайызы люкембургдук компанияга, 9,58 пайызы BNY Mellon компаниясына, 14,96 пайызы миноритардык акционерлерге таандык.

Forbes Kazakhstan Сатыбалдыулынын мүлкүн 163 миллион долларга баалаган. Журнал аны өлкөнүн эң таасирдүү бизнесмендеринин катарына кошкон.

Мурда Сатыбалдыулы мамлекеттик кызматтарга иштеген. 2000-жылдары Астананын акиминин орун басары болгон. “Казакойл” жана “Казакстан Темир Жолдору” компанияларында эмгектенген. 2010-2015-жылдары “Нур-Отан” партиясынын борбордун аппаратында иштеген.

XS
SM
MD
LG