Ссылки доступа

Нурали Алиевдин компаниясы "Транстелекомдун" 75% акциясын алды


“Транстелеком” акционердик коомунун акцияларынын 75% Казакстандын мурдагы президенти Назарбаевдин небереси Нурали Алиев жана анын бизнес-өнөктөштөрү түзгөн Unit Telecom компаниясына өттү.

Келишим Казакстан өкмөтү менен макулдашылган.

КазТАГ агенттиги Unit Telecom компаниясын Нурали Алиев менен Дмитрий Покупателев түзгөнүн, экөө тең “Транстелекомдун” директорлор кеңешинин мүчөлөрү экенин жазды.

36 жаштагы Нурали Алиев мажилис депутаты Дарига Назарбаев жана анын мурдагы күйөөсү Рахат Алиевдин уулу. Алиев Казакстанда ”кайнатасын тактан алыш үчүн мамлекеттик төңкөрүш даярдаган” деп айыпталган. 2015-жылы февралда Австриядагы абакта анын асылып турган өлүгү табылган. Расмий маалымат боюнча ал өз өмүрүнө кол салып жандан кечкен.

Нурали Алиев 2014-2017-жылдары Казакстандын борбор калаасынын акиминин орун басары кызматын аркалаган. 2016-жылы “Транстелекомдун” директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Ошол эле жылы компаниянын 49% акциясы Марлен Мухановдун менчигине өткөн.

2021-жылдын 1-январына карата “Транстелекомдун” 75% акциясы Мухановго, 15% “Казакстан Темир жолу” улуттук компаниясына таандык болгон.

Forbes Казакстан Алиевдин байлыгын 269 миллион долларга баалган.

XS
SM
MD
LG