Ссылки доступа

ЖККУ: Терроризм жана маңзат аткезчилигине каршы күрөшүүүдө Тажикстанга жардам берет


Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась жана Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода 17-февралда Душанбеде жолугушуп, быйыл жазында Тажикстанда ЖККУнун Катчылар кеңешинин жыйынын өткөрүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан уюмга төрагалык кылган 2021-жылы аткарыла турган иштерди талкуулашты.

Станислав Зась ушул тапта тажик-ооган чек ара тилкелерин бекемдөө боюнча ЖККУнун мамлекеттер аралык программасын даярдоо жана макулдашуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. Мындан тышкары мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу күчтөргө каршы күрөшүү боюнча "Кобальт-2021" машыгуусун Тажикстанда өткөрүү пландалганын жана буга олуттуу маани берилип жатканын белгиледи.

Тараптар эл аралык маңзат соодасына каршы туруктуу аракеттеги аймактык “Канал” операциясын өткөрүү маселесин да талкуулашты. Ооганстандан маңзат ташуунун жолун бөгөө операциянын негизги максаты болуп эсептелет.

Видео

Видео

"Вотсап" менен сүт саткан жеңелер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:45 0:00
XS
SM
MD
LG