Ссылки доступа

Жогорку сот: "Элдик парламенттин" үч мүчөсүнүн иши токтотулду


Жогорку соттун 17-февралда чыккан токтомуна ылайык, "Элдик парламент" бирикмесинин мүчөлөрү Бекболот Талгарбековдун, Марат Султановдун жана Толубай Колубаевдин аларга карата козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүчү канааттандырылды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августунда, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 13-ноябрында чыккан өкүмдөрү жокко чыгарылып, иштин өзү кылмыш курамы жок болгондуктан токтотулду.

Аты аталган үч адам "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдануу" беренелери менен соттолгон.

Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилген. 2019-жылы алар мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

XS
SM
MD
LG