Ссылки доступа

Тажикстан прокуратурасы Махмурод Одинаевге чыккан өкүмдү негиздүү деп атады


Тажикстандын Башкы прокуратурасы Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Махмурод Одинаев жана анын уулу Хабибулло Ризоевге карата чыккан өкүмдү негиздүү деп атады.

28-январда Рудаки райондук соту Махмурод Одинаевди 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Бейбаштык» жана «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Саясатчынын жакындары сот чечими адилетсиз экенин, ал боюнча жогорку баскычтарга кайрыла тургандыктарын билдиришти.

Саясатчынын уулу Хабибулло Ризоев 5 миң доллардан ашуун айып пулга жыгылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 18-февралда кылмыш ишин экинчи жолу карап чыгып, өкүм негиздүү чыкканын жарыялады.

2020-жылы 5-декабрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы ноябрдын аягынан бери издөөдө жүргөн Махмурод Одинаев кармалганын кабарлаган. Көзөмөл органдын маалыматына караганда, ал 29-октябрда Гиссар шаардык аскер комиссариатына келип, уулу негизсиз түрдө аскерге чакырылганын билдирип, коомдук тартипти бузуп, бийлик өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөн. Буга байланыштуу ага каршы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Январдын ортосунда прокуратура Одинаевге «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча жаңы айып тагылганын кабарлаган.

Тажик оппозициясы саясатчыга карата кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгон деп эсептөөдө. Одинаев былтыр ноябрдын ортосунда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Душанбенин мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, шаардын борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат сураган.

XS
SM
MD
LG