Ссылки доступа

Адвокаттар активист Агадилдин уулунун өлүмүн тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун билдиришти


Казакстанда маркум активист Жанболат Агадилдин уулу Дулат Агадилдин өлүмүнө айыпталып жаткандардын адвокаттары тергөөнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгонун билдиришти.

Бул иш боюнча сот былтыр ноябрда башталган. Айыпталуучу катары өтүп жаткан алты кишиге «Бейбаштык», «Адам өлтүрүү» жана «Кылмышты жашыруу» беренелери боюнча айыптар тагылган.

4-февралда өткөн болжолдуу жыйынды соттолуучулар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти сот арачаларынын кароосун өтүнүшкөн.

19-февралдагы отурумда адвокаттар тергөө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти.

— Мен жактоого алган адам айыптоо актысы менен толук таанышкан эмес. Полиция керектүү көрсөтмөлөрдү шектүүлөрдү коркутуу жолу менен алган. Мыйзамды одоно бузган тергөө органдарына карата жеке токтом чыгарууну өтүнөм», — деди Мадияр Сыдык аттуу айыпталуучунун адвокаты.

Прокурорлор адвокаттын бул билдирүүлөрүн четке кагып, бирок көп өтпөй айыпталуучунун «азыр деле иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүгү бар экенин» билдиришти.

Судья адвокаттардын өтүнүчүн ачык бойдон калтырды.

Жанболат Агадил былтыр 11-ноябрга караган түнү Нур-Султандын Көктал кичи районунда өлтүрүлгөн. Полиция ал топ балдардын мушташына катышып, ошол жерден бычак жегенин билдирген.

Маркумдун атасы, казакстандык активист Дулат Агадил 2020-жылы февралда кармалып, бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадил өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап келишет.

Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерди ачык айтып, акцияларга чыккан оппозициячыл активист катары белгилүү болчу.

XS
SM
MD
LG