Ссылки доступа

Казакстанда эки кишинин өмүрүн алган өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду


Түндүк Казакстан облусундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук прокуратура кабарлады.

21-февралда Петропавлдагы беш кабаттуу үйлөрдүн биринде газ баллону жарылып, өрт чыккан. Анын кесепетинен 2 киши каза болуп, кеминде 16 адам жабыркаган. Алардын бирөөнүн абалы оор. 120дай жашоочу коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жарылууга байланыштуу Кылмыш кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө тобу түзүлдү. Жарылуунун себебин иликтөө үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө облустук прокуратуранын көзөмөлүнө алынды.

Казакстанда соңку бир аптада адам өмүрүн алган өрт кырсыгы үчүнчү жолу катталды. 19-февралда Жамбыл облусунун Жанатас шаарында беш кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш баласы каза болду. Анын алдында Кызылордодо жеке турак жай күйүп кетип, бешиктеги наристе чарчап калган, төрт бала жабыркаган.

XS
SM
MD
LG