Ссылки доступа

ЕБ Навальныйдын ишине байланыштуу орусиялык аткаминерлерге санкция киргизет


Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусиянын бир нече жогорку кызматтагы аткаминерине санкция киргизүүнү макулдашты.

Бул тууралуу Эркин Европа/Азаттык радиосунун кабарчысы билдирди:

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө санкцияга кабыла турган адамдардын аты-жөнү талкууланган эмес. Бирок Reuters агенттиги европалык дипломаттарга шилтеме кылып, Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге, Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын директору Александр Калашниковго, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотовго жана башкы прокурору Игорь Красновго санкция салынышы мүмкүн экенин кабарлады. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек.

Европа өлкөлөрү Навальныйга карата саясий куугунтук жүрүп жатат деп эсептеп келишет. Эми чектөөгө кабылган жетекчилердин Европадагы банктык эсептери камакка алынып, визалык чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Жыйындын алдында ЕБдин министрлери менен видеоконференция аркылуу байланышка чыккан Алексей Навальныйдын үзөңгүлөштөрү Леонид Волков менен Иван Жданов орус президенти Владимир Путиндин айланасындагыларга санкция салууга чакырышкан.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер Брюссель катаал санкцияларды киргизсе, Москва ЕБ менен мамилелерди үзүүгө «даяр экенин» билдирген. Орусия Евробиримдикти өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп айыптап, Навальныйдын соттолушунун саясатка эч байланышы жок экенин билдирип келет.

20-февралда Москва шаардык соту Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды абакка кесүү боюнча буга чейин чыккан чечимди күчүндө калтырган. Райондук сот койгон мөөнөт 3 айга кыскартылып, Навальныйга 3,5 жылдык жалпы абак жазасы берилмек болду. Ошол эле күнү Навальный 94 жаштагы согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып боюнча башка бир жарандык сотто күнөөлүү деп табылып, ири көлөмдөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Эки сот процесси тең бийликтин саясий мүдөөсүнө ылайык өткөнүн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар белгилешүүдө. Алексей Навальный 2020-жылы августта Омск шаарында ууландырылган. Ал бул окуяга орусиялык коопсуздук кызматкерлеринин тиешеси бар деп эсептейт.

Навальный өткөн айда Германиядан дарыланып келээри менен Москвадагы аба майданында камакка алынган. Андан бери Орусиянын ондогон шаарында аны бошотуу талабы менен нааразылык жыйындар өтүп, миңдеген киши кармалды.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG