Ссылки доступа

Тажикстанда бир айлык аскердик кызмат киргизилүүдө


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясын жактырды.

Ага ылайык, эми жыл сайын аскер курагындагылардын 10% армияга чакырылат. Калган жарандар акча төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алышса болот.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн авторлору мындай чара резервисттердин санын көбөйтөт деп эсептешүүдө.

Азырынча бир айлык армияда кызмат өтөөнүн баасы айтыла элек. Өкмөт эки айдын ичинде тиешелүү мыйзамдар менен токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизип, аскердик кызматты тездетилген түрдө өтөөнүн баасын аныкташы керек.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анын жүрүшүндө өспүрүмдөрдү көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет.

XS
SM
MD
LG