Ссылки доступа

Маалымат агенттигинин жетекчиси акча талап кылганы үчүн кармалды


Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси М. У. К. 22-февралда 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

«Кармалган айым агенттиктин сайтындагы видео тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган», - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Маалымат агенттигинин жетекчиси М. У. К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Иликтөө жүрүп жатат.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG