Ссылки доступа

Казакстандыктар «Нур Отанга» санкция салуу өтүнүчү менен Европарламентке кайрылууга ниеттенишүүдө


23-февралда «адилетсиз сот чечимдерине» нааразы бир топ адам Нур-Султанда жыйналып, Казакстан аткаминерлерине жана «Нур Отан» партиясына санкция салуу өтүнүчү менен Европарламентке кайрылуу жолдого ниеттенип жатканын билдиришти.

Демилгечил топтун мүчөлөрүнүн бири – жакында колониядан бошонуп чыккан активист Санавар Закирова Казакстандын башка аймактарындагы кишилерди да бул чакырыкка үн кошууга үгүттөдү. «Биз жакынкы эки аптада чогулуп, бирдиктүү кайрылуу жасайбыз», – деди Закирова.

«Биз, Казакстандын жарандары Европарламенттин депутаттарын мамлекет чиновниктери менен «Нур Отан» партиясына каршы санкция салууну демилгелөөгө чакырабыз. Алар биздин конституциялык укуктарыбызды, жарандык жана мүлккө болгон укуктарыбызды негизсиз түрдө бузушууда», —деп айтылат кайрылууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанды адам укуктарын бузууга айыптап келет. 11-февралда Европарламент жалпы сессияда көпчүлүк добуш менен «Казакстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндө» резолюция кабыл алган. Бул 2009-жылдан бери Европарламенттин Казакстанга арналган бешинчи резолюциясы болуп эсептелет.

Резолюцияда соңку учурларда Казакстанда адам укуктарына байланыштуу абалдын начарлашы жана жарандык коомдун үнүн басуу аракети тынчсызданууларды жаратып жатканы айтылган.

Европарламент казак бийлиги адам укуктары жаатында көптөгөн милдеттенмелерди алганын, анын ичинде ЕБ менен кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча кеңири келишимди эске салган. Бул келишимге 2015-жылы кол коюлуп, 2020-жылы мартта күчүнө кирген.

Видео

Видео

Жаш муундар Элмирбек акынды эскеришти
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
XS
SM
MD
LG