Ссылки доступа

Түндүк Корея көмүр казуу үчүн концлагерлердеги туткундардын эмгегин пайдаланат


Түндүк Кореянын бийлиги экспортко жөнөтүлө турган көмүрдү казууда саясий туткундардын, анын ичинде балдардын эмгегин пайдаланат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Сеулда жайгашкан «Түндүк Кореядагы адам укуктары үчүн жарандык альянстын» баяндамасына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, Пхеньян көмүр сатуудан түшкөн каражатты өлкөнүн өзөктүк-ракеталык программасын өнүктүрүү үчүн жумшайт.

Альянстын баяндамасында Түндүк Кореядагы концлагерлерде кармалган туткундардын эмгек эксплуатациясы сүрөттөлгөн.

Буга чейин Түндүк Кореянын бул энергоресурсту сатуусуна БУУ тыюу салган. Санкциялар Пхеньяндын массалык жок кылуучу курал даярдоосу үчүн келип жаткан каржы булагын токтотуу максатында киргизилген.

БУУнун акыркы маалыматы боюнча, негизинен түрдүү кендерге жакын жайгашкан эмгек лагерлеринде 200 миңге жакын киши кармалып турат. «Алар кыйноого, зордуктоого, мажбурлап иштетүүгө, ачкачылыкка жана башка адам чыдагыс мамилеге кабылышат», деп жазылган уюмдун 2014-жылы жарыяланган билдирүүсүндө.

БУУнун 2018-жылдын башында жарыяланган башка баяндамасына ылайык, Түндүк Корея бир катар товарларды экспорттоого киргизилген эл аралык эмбаргону кыйгап өтүп, 2017-жылы дээрлик 200 миллион доллар тапкан. Ал баяндамада Түштүк Кореяга качып өткөн жарандардын, анын ичинде мурдагы саясий туткундардын көрсөтмөлөрү келтирилген. Алар мажбурлап иштетүү менен өлкө бийлиги 2016-жылы 8 миллион тоннадан ашык көмүр каздырганын айтып беришкен.

Жарандык альянстын башчысынын орун басары Жоанна Хосаниак иликтөөнүн максаты «мамлекет тарабынан демөөрчүлөнгөн кулчулук системасы» Ким Чен Ындын саясий жана каржылык кубаттуулугун бекемдөөдө кандай роль ойной турганын көрсөтүү экенин билдирди.

Видео

Видео

Барскоон - Милан: Шырдак оюу дүйнөлүк подиумда
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:13 0:00
XS
SM
MD
LG