Ссылки доступа

Казакстандык акын-жазуучулар Токаевден түрмөдөгү акын Арон Атабекти бошотууну сурашты


Мурат Ауэзов, Олжас Сулейменов баштаган бир топ казакстандык акын-жазуучулар түрмөдө отурган диссидент, акын Арон Атабекти бошотууну сурап, президент Касым-Жомарт Токаевге ачык кат жолдошту. Кайрылуу Abai.kz сайтында жарыяланды.

Каттын авторлору соңку кезде акындын ден соолугу начарлап кеткенин айтышып, аны бошотууну суранышкан. Ал 2006-жылы белгилүү «Шаңырак» окуясы боюнча жалган жалаа менен 18 жылга соттолгону белгиленген.

Маалыматка караганда, жашы жетимишке таяп калган акындын эки колу көтөрүлбөйт, жүрөгү, бөйрөк-өпкөсү, муундары ооруйт жана буларды түрмө шартында дарылоого мүмкүн эмес.

Акын Арон Атабек 2007-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

XS
SM
MD
LG