Ссылки доступа

АКШ Сириядагы объектилерге абадан чабуул жасады


 Пентагон имараты
Пентагон имараты

Бейшемби күнү кечинде америкалык аскерлер Иран колдоого алган Сириядагы эки куралчан топтун бир нече объектилерине абадан чабуул жасашты.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирбинин билдиришинче, соккунун натыйжасында Иран менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттин жанындагы бир нече имарат жок кылынды. Пентогондогу жашыруун булактардын айтымында, бул имараттар контрабандалык курал-жарактарды сактоо үчүн колдонулуп келген. CNN чабуулдан бир нече жоочу мерт болгонун кабарлады.

Бул соккулар 15-январда Ирактын түндүгүндөгү Ирбиль шаарындагы чабуулдарга жооп болду. Анда бир нече америкалык аскер кызматкери жана Пентагонго жалданып иштеген Филиппин жараны өлтүрүлгөн. АКШ кол салуу үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөй турганын эскерткен.

25-февралда Пентагондун өкүлү Сирияга жасалган чабуул айдан ачык белги берерин, тактап айтканда, президент Байден эл аралык коалициянын мүчөсү болгон америкалык аскерлерди колдогон аракеттерди жасай турганын билдирди. АКШ президенти Жо Байден Сириядагы эл аралык коалициянын мүчөлөрү, өнөктөштөрү менен кеңешкенден кийин чабуул жасоого жеке өзү буйрук берген.

XS
SM
MD
LG