Ссылки доступа

Казакстанда азык-түлүктүн негизги түрлөрү 35% кымбаттады (видео)


"Ценник меня очень удивил на кассе": в Казахстане с Нового года на треть подорожали продукты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Казакстанда азык-түлүк баалары кайра жогорулап жатат. Буга байланыштуу өлкө жарандарынын көбү күнүмдүк чыгымдарын азайтууга аргасыз болууда.

«Азык-түлүктүн баалары мени өтө таң калтырды. Жаңы жылга чейинки мезгилге салыштырмалуу 2-3 эсеге кымбаттаптыр. Мындай бааларды көргөндөн кийин үй-бүлөлүк азык-түлүк корзинасын кайра карап чыгууга туура келди», — деди Нур-Султан шаарынын тургуну Ирина Васильева.

«Азык-түлүк, турмуш-тиричилик товарлары кымбаттап жатат. Өзгөчө жумуртка, ун, өсүмдүк майынын баалары жогору. Эң зарыл азыктар кымбат болууда», — деди шаардын дагы бир жашоочусу.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Казакстанда ун, жумуртка жана өсүмдүк майы 35% кымбаттаган. Мындан тышкары акшак, эт, жер-жемиш жана кесмеге болгон баалар 20% жогорулаган. Бул азыктардын көбү Казакстандын өзүндө өндүрүлөт.

Казак парламентиндеги депутаттар баалардын жогорулашын — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч деп аташты. Айрым парламент мүчөлөрүнүн айтымында, азык-түлүктүн кымбатташына соода түйүндөрүнүн өз ара көмүскө бүтүмү себеп болууда. Мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн эл өкүлдөрү дүкөндөрдөгү азык-түлүк түрлөрүн маркировка кылып, анын чыккан күнүн, жерин жана сатып алуу баасын көрсөтүүнү сунушташты. Ишкерлерге кошумча чыгым жаратпоо үчүн, бул иштерди мамлекеттин эсебинен аткаруу демилгеленди.

XS
SM
MD
LG