Ссылки доступа

Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат


Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдиргендей, Жапаров Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки тараптуу кызматташтыкты, өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү мененжолугушуулар белгиленген.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде. Иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө оң динамика бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз», - деди Дастан Дүйшекеев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-февралда Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарыш үчүн биргелешип жигердүү иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Казакстан менен Кыргызстан КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө. Акыркы 4-5 жылдан бери эки өлкөнүн чек арасындагы шарттар ишкерлерге жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан учурлар көп катталган. Казакстан муну Кыргызстандан аткезчилик жол менен кирген товарлардын агымына бөгөт коюу аракети менен түшүндүргөн.

Президент чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган.

XS
SM
MD
LG