Ссылки доступа

Черчилль тарткан сүрөт 11,6 млн. долларга сатылды


"Кутубия мечитинин мунарасы"
"Кутубия мечитинин мунарасы"

"Кутубия мечитинин мунарасы" деген аталыштагы, Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин кыл калемине таандык сүрөт 8,6 млн. фунтка (11,6 млн доллар) сатылды. Бул тууралуу Christie's ("Кристис") аукцион үйү кабарлады.

Черчилль тарткан сүрөттүн баштапкы баасы 1,5 млн. фунттан 2,5 млн. фунт (3,5 млн. доллар) болчу. Сүрөттү сатыкка белгилүү актриса Анжелина Жоли койгон.

"Кутубия мечитинин мунарасы" - Уинстон Черчиллдин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тарткан картинасы. Сүрөт 1943-жылы, январда Гитлерге каршы коалициянын алгачкы жыйыны - Касабланка конференциясы өткөндөн кийин тартылган. Сүрөт кийинчерээк Американын президенти Франклин Рузвельтке тартууланып, андан уулу Эллиот Рузвельтке мурас калган.

Дүйшөмбү күнкү аукциондо Черчиллдин кыл калемине таандык дагы бир сүрөт - "Марракештеги сахна" картинасы 1,9 млн. фунтка (2,7 млн. доллар) сатылды.

Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Уинстон Черчилль кырк жаштан өткөндөн кийин сүрөтчүлүккө кызыгып, 540ка чамалуу картина жараткан. Анын ичинен элүүгө жакыны Мароккого арналган.

Сүрөттөрдүн басымдуусу саясатчынын бала-чакасынын колунда болсо, жүзгө жакыны Лондондун жанындагы Кент графтыгынын Чартуэль бакчасында көргөзмөдө турат. Бул бакчада Черчилль өмүрүнүн экинчи жарымын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG