Ссылки доступа

Нур-Султанда министр менен жолугушууну талап кылган энелер түндү акимчиликтин алдында өткөрүштү


Нур-Султанда нааразылык акциясына чыккан майып балдары бар энелер шейшембиге караган түндү шаардык акимчилик имаратынын алдында өткөрүштү. Алар өкмөт мыйзамга сунуштап жаткан өзгөртүүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоону азайтат деп эсептешүүдө.

Чогулгандар өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри менен жолукмайынча кетпей тургандыктарын билдиришүүдө.

Акциянын катышуучусу Асель Ахметова сунушталып жаткан өзгөртүүлөр «балдар менен энелердин эмес, аткаминерлердин кызыкчылыгын көздөйт» деп эсептейт.

- Жыл өткөн сайын майып балдарга сунушталып жаткан кызматтардын сапаты төмөндөп баратат. Санаторийлердеги, курорттордогу эс алууну 14 күндөн жети күнгө чейин кыскартышты. Эми баланы эс алууга коштоп барган жакыны өзүнүн чыгымдарын өзү төлөшү керек болуп калды. Мындан тышкары турак жайга байланышкан маселелер бар. Буга чейин майып балдар турак жайга Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери менен чогу кезекте туруп, тез алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Азыр алар жалпы тизмеге кошулуп калды. Аларды коргоого багытталган мыйзамдардын талаптары аткарылбай жатат», — деди ал.

Төрт баланын апасы Асемгүл Ахметова майып балдарды багуу үчүн жөлөк пулду электрондук түрдө берүү «ата-энелер үчүн ыңгайсыз» экенин билдирди.

- Биздин көк түстөгү китепчелерибиз бар, ал жерде биз ата-эне катары эмес, тарбиячы деп көрсөтүлгөнбүз. Мындан тышкары бизге бөлүнүп жаткан ортопедиялык бут кийимдердин, жалаяктардын сапаттуу болушун каалайбыз», — деди ал.

Күн мурун алар менен министрдин орун басары жолуккан, бирок чогулгандар министрдин өзү менен жолугушууну талап кылышкан.

Бул майып балдары бар энелердин Нур-Султан шаарындагы алгачкы акциясы эмес. Былтыр декабрда онго жакын тургун турак жай көйгөйлөрүнө бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн калаа акимчилигинин алдына бош майыптар арабалары менен келишкен.

Казакстан БУУнун Майыптар укуктары боюнча конвенциясын 2015-жылы ратификациялаган. Ага ылайык, өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын мамлекеттик турак жай программаларына жетишине шарт түзүү боюнча чараларды кабыл алышы керек. Айрым эксперттер андан бери Казакстандагы майыптардын абалы анчалык деле өзгөрбөгөнүн айтып келишет.

Өткөн жылы декабрда Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги «майып жарандардын укуктарын коргоого жана аларды социалдык жактан колдоого» багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган.

XS
SM
MD
LG