Ссылки доступа

Атамбаевдин мурдагы басма сөз катчысы УКМКга чакырылды


Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн жетектеген Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды.

Ал УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу эки сааттан ашык сурак берип чыкканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Сегизбаевдин шайлоо штабынын өкүлдөрү «Азаттыкка» ырасташты.

Үсөновдун өзүнөн жана анын жакындарынан, адвокаттарынан, УКМКдан сурактын чоо-жайы тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

39 жаштагы Алмаз Үсөнов 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Сегизбаевдин штабын жетектеген. 2012-жылдан 2017-жылдын 11-декабрына чейин президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүн башкарган.

Жалпысынан алты кылмыш иши боюнча шек саналып жаткан Абдил Сегизбаев азыр атайын кызматтын тергөө абагында отурат.

Ал камакка алынардын алдында өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.

Буга чейин УКМК Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованы, Кутман Мукашевди, журналист Нурзада Токтогулованы жана блогер Юлия Барабинаны суракка алган.

XS
SM
MD
LG