Ссылки доступа

Тажик ырчысы Бахром Гафуринин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгын тергөө токтотулду


Тажик эстрада жылдызы Бахром Гафури (солдо) жана жол кырсыгынын күнөөкөрү Ислом Анварзода
Тажик эстрада жылдызы Бахром Гафури (солдо) жана жол кырсыгынын күнөөкөрү Ислом Анварзода

Тажикстандын Башкы прокуратурасы белгилүү ырчы Бахром Гафуринин өлүмүнө себеп болгон жол кырсыгын тергөөнү токтотту.

Башкы көзөмөл орган шектүү, прокурордун мурдагы жардамчысы Ислам Анварзоданын кайда экени белгисиз экенин айтууда. Анын туугандары Анварзода чет өлкөдө дарыланып жатканын билдиришүүдө.

2020-жылы 7-августта Анварзодага таандык Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаа Душанбеде «КамАЗ» менен сүзүшкөн. Кырсыктан ырчы Гафури каза болуп, унааны айдап бараткан Анварзода менен дагы бир жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү өлкө ИИМи салондогу үч киши тең алакүү абалда болгонун билдирген. Дарыгерлер Анварзоданын буту-колу сынганын, ал эки ай комада жатканын кабарлашкан.

Прокурордун мурдагы орун басарына каршы кылмыш иши «Жол эрежесин бузуу» беренеси боюнча козголгон.

Ислом Анварзода – белгилүү тажик бизнесмени Анвар Курбоновдун уулу.

XS
SM
MD
LG