УзА агенттиги билдиргендей, 14 аял жаза мөөнөтүнүн негизги бөлүгүн өтөп бүткөндүктөн, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Алар жасаган кылмыштары үчүн өкүнөрүн билдирип, түрмө эрежелерин бузушкан эмес.
Аялдар үй-бүлөлөрүнө кайтышты. Ошол эле маалда сот эки аялга чыккан өкүмдү жумшартты.
Былтыр аялдар майрамынын алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев абактарда жазасын өтөп жаткан 83 аялга ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.