«Ректорат эгер «Амонатбанктын» атайын эсебине 28 миң сомони которуп, бир айлык окуудан өтсөк, офицердик наам жана аскердик билет ала турганыбызды айтты», - деди Тажик улуттук университетинин студенттеринин бири.
Бул маалыматты Душанбедеги башка жогорку окуу жайлардын студенттери да тастыкташты.
Тажикстандын «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык, аскерге чакырылбай калгандар жана аскерде кызмат өтөөнү каалабагандар бир айлык окуудан өтүп, тиешелүү каражат төлөгөндөн кийин аскердик билет ала алышат. Мыйзам долбоору быйыл январда кабыл алынган.
Ошол эле маала тажик өкмөтү аскердик билет алуу үчүн төлөнө турган каражаттын суммасын расмий түрдө айта элек.
Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Анын жүрүшүндө уландарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет.