Ссылки доступа

"Freedom House" глобалдык эркиндик деңгээли төмөндөгөнүн белгиледи


Кыргызстан Беларус менен катар 2020-жылы саясий укук жана жарандык эркиндик начарлаган мамлекеттердин катарынан орун алды. Бул тууралуу "Freedom House" уюму глобалдык эркиндик боюнча 3-мартта жарыялаган баяндамада айтылат.

Анда 2020-жылдагы коронавирус пандемиясы, экономикалык кризис жана ар кыл чатактар дүйнөдөгү эркиндиктин начарлашын шарттаганы белгиленген.

Баяндамада эркиндик рейтингинде 73 мамлекеттин позициясы төмөндөгөн. Алардын катарында Кытай, Беларус, Венесуэла сыяктуу авторитардык мамлекеттер гана эмес, АКШ, Индия сыяктуу “демократиясында маселе бар” өлкөлөр да бар. Ал эми Түндүк Македония демократиялык баалуулуктарды коргоо жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдүн сап башына чыкты.

Документте “демократиянын коргоочулары авторитардык душмандар менен күрөштө жеңилүүгө дуушар болду”, - деп айтылат.

"Freedom House" баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бейөкмөт уюм. Ал жыл cайын дүйнө мамлекеттеринде сөз эркиндигинин, глобалдык эркиндиктин абалын талдоого алып, баяндама жарыялап турат.

XS
SM
MD
LG