Ссылки доступа

Казакстанда «банктардан акча уурдоого» айыпталган банкир менен ишкер соттолду


Алматы шаарынын Алмалы райондук соту «Евразия банкы», Bank RBK жана Qazaq Banki банктарынан «акча уурдоо» иши боюнча банкир Жомарт Ертаев менен ишкер Нурлан Тлеубаевге карата өкүм чыгарды.

Сот Ертаевди «ири өлчөмдө акча уурдоону уюштурууга», Тлеубаевди «акча уурдоого» күнөөлүү деп таап, экөөнү тең тогуз жылдан эрктеринен ажыратты. Мындан тышкары алардын он жыл коммерциялык уюмдарды башкаруусуна тыюу салынды.

Бул иштин алкагында дагы үч киши — Алимжан Тлеубаев, Серик Атабай жана Оксана Шестакова 5 жылдан 5,5 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолду.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Тлеубаев Ертаевдин жана анын кесиптештеринин жардамы менен күрөө түрүндө камсыздоого ээ болбогон дан азыктарын күрөөгө коюп банктардан насыяларды алган.

RBK банкынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Жомарт Ертаев буга чейин да аталган банктан акча уурдоо айыбы менен 11 жылга соттолгон. Ал 2018-жылы Орусияда кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилген.

Нурлан Тлеубаев өлкөдөгү ири дан компанияларынын ээси жана эң бай ишкерлердин бири. Ал 2019-жылы кармалган.

XS
SM
MD
LG