Ссылки доступа

Өзбекстан бейөкмөт уюмдарга сырттан көбүрөөк каражат алууга уруксат берди


Өзбекстан 1-марттан тартып бейөкмөт уюмдар бир жыл ичинде чет өлкөлүк булактардан акчалай жана мүлк түрүндө ала турган жалпы каражаттын суммасын 20 базалык эсептик көрсөткүчтөн 100 базалык эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйттү.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул норма «Бейөкмөт уюмдарды мамлекеттик колдоо, алардын ишмердүүлүгүнүн эркиндигин камсыздоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кошумча чаралар тууралуу» президенттин токтомунда бекитилген.

Документке ылайык, бейөкмөт уюмдарды кайрадан каттоодон өткөрүү, ошондой эле алардын шарттуу белгилерин каттоо мөөнөттөрү да бир айдан 15 күнгө чейин кыскартылат.

Майып адамдардын, ардагерлердин, улгайгандардын, аялдардын жана балдардын коомдук уюмдарын каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик төлөм алынбайт.

Мындан тышкары документте Өзбекстандын бейөкмөт уюмдарды колдоо боюнча коомдук фондуна ата мекендик коммерциялык эмес уюмдардын өнүгүшүнө багытталган долбоорлор менен программаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик субсидиялар каралган.

XS
SM
MD
LG