Ссылки доступа

Душанбеде «Озоди» радиосунун журналисттерине кол салуу болду (видео)


Душанбеде күйүүчү майдын кымбатташы тууралуу сюжет тартып жүргөн «Озоди» радиосунун журналисттерине кол салуу болду.

4-мартта айдоочулардын биринен маек алып жаткан журналисттер — Шахло Абдулло менен Муллоражаб Юсуфзодага май куюучу жайдын кызматкери тоскоолдук кылып, түрткүлөп, бирөөнү ээкке чаап жиберген. Ал май куюучу жайдын жетекчилигинин жазуу түрүндөгү макулдугу жок журналисттердин ал жерде камерага тартууга укуктары жок экенин айткан.

Дарыгерлер ооруканага кайрылган Юсуфзоданын бети шишип кеткенин, жакынкы эки жумада ал дарыланышы керектигин билдиришти.

Бул окуя боюнча «Озоди» радиосунун журналисттери өлкөнүн Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылышты. Баш калаанын Сино райондук милиция бөлүмүнүн тергөөчүлөрү ЖМК өкүлдөрүнө кол салуу фактысы боюнча болжолдуу териштирүү иштерин баштады.

2019-жылы июнда коомдук транспорттун иши тууралуу сюжет даярдап жүргөн «Озоди» радиосунун журналисттерин кемсинткени үчүн автобус айдоочусу Махмадёр Зоиров 385 сомони (30 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Видео

Видео

Саясатты сатирага салган Самат
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:27 0:00
XS
SM
MD
LG