Ссылки доступа

Мьянма полициясы акция катышуучуларын таратуу үчүн дагы курал колдонду


Мьянмадагы нааразылык акциялар. 4-март 2021-жыл
Мьянмадагы нааразылык акциялар. 4-март 2021-жыл

Мьянма полициясы аскердик төңкөрүшкө каршы акциянын катышуучуларын кууп таратуу учурунда дагы курал жана көздөн жаш агызчу газ колдонду. Азырынча каза болгондор тууралуу маалыматтар жок.

3-мартта демонстранттарды таратуу учурунда 38 кишинин өлгөнүнө карабастан, бейшемби күнү өлкөнүн бир нече шаарында адамдар кайра көчөгө чыгышты.

Өлкөнүн баш калаасы Янгон шаарында акция катышуучулары кууп таратылгандан кийин миңдеген тургун кайра чогулду. Алар түрдүү ураандарды кыйкырып, революциялык маанайдагы ырларды аткарышты. Мандалай шаарында акция катышуучулары «Демократия үчүн улуттук лиганын» лидери Аун Сан Су Чжинин сүрөттөрүн жана «Биздин лидерди бошоткула» деген жазууларды көтөрүп жүрүш өткөрүштү.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, 1-февралда аскердик төңкөрүш башталгандан бери Мьянмада кеминде 54 киши каза болуп, 1 700дөн ашык адам кармалды. Алардын ичинде 29 журналист бар.

Европа Биримдиги Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекеттин армиясынын аракеттерин кескин айыптады.

5-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Мьянмадагы кырдаалды жабык талкуулайт деп күтүлүүдө.

1-февралда Мьянма армиясы шайлоо аркылуу бийликке келген өкмөттү кулатып, өлкөнүн де-факто лидери Аун Сан Су Чжини жана анын башка партиялаштарын камакка алган. Натыйжада дээрлик он жылдан кийин бийлик кайра армиянын колуна өткөн. Алар мындай кадамга ноябрь айындагы шайлоо «бурмаланганы үчүн» барышканын билдиришкен. Аскердик хунта шайлоо комиссиясынын мурдагы курамын таратып, бир жылдан кийин жаңы шайлоо өткөрүүгө ниеттенип жатат.

XS
SM
MD
LG