Ссылки доступа

АКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарга сыйлыкты 5 млн.долларга көбөйттү


АКШнын Мамлекеттик департаменти кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевди камакка алууга же айыптоого жана анын уюшкан тобунун каржы схемасын бузууга жардам берген баалуу маалыматтар үчүн сыйлыкты 5 миллион долларга көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 5-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, сыйлык Мамлекеттик департаменттин Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын (TOCRP) алкагында берилет.

Ал программанын жардамы менен 75тен ашык трансулуттук кылмышкерлер жана наркобарондор жоопко тартылган.

Маалыматтарды АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы (DEA) менен Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) +1 202-643-0383 номери аркылуу, WhatsApp, Telegram, Signal мессенжерлеринде да кабыл алат.

Каалоочулар АКШнын жакын жайгашкан элчилиги менен консулдугуна барса же Kolbayev_Tips@usdoj.gov электрондук дарегине кат жолдосо болот.

Мамлекеттик департамент маалымат бергендердин баарынын купуялуулугу камсыздаларын айтууда.

Камчыбек Көлбаев 2000-жылы бир нече кылмыштарга айыпталып 25 жылга соттолгон. Алты жылдан кийин түрмөдөн качып кеткен Көлбаевди 2007-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы "эң таасирдүү кылмыштуу топтун лидери" деп атаган.

2008-жылдын 23-апрелинде ал Москвада орусиялык уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери тарабынан "мыйзамдагы ууру" атыгып, "таажы кийгени" тууралуу маалыматтар айтылып келет.

2011-жылдын июнунда Американын ошол кездеги президенти Барак Обаманын администрациясы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. 2012-жылы АКШнын Каржы министрлиги Көлбаевдин кылмыштуу тобу КМШ өлкөлөрүнүн уюшкан топторунун “Братский круг” аттуу синдикатына мүчө экенин жарыя кылган. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

Атайын кызмат Көлбаевди былтыр 22-октябрда да Бишкекте кармаган. Аны колго түшүрүү учурунда атайын техника колдонулуп, кармоо операциясынын видеосу коомчулукка жарыяланган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. Бишкек шаардык соту 2-мартта аны эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотту.

УКМК 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которду деген түшүндүрмө берген.

АКШ элчилиги анын үй камагына чыгышына тынчсыздануу билдирген.

XS
SM
MD
LG