Ссылки доступа

Бухарада Мирзиёевдин демилгеси менен бизнес үчүн муктаждарга контейнерлер жасалат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев район жана облус жетекчилерине мындан ары турак жайдын чарчы метринин баасы 400 доллардан ашып кетпешин көзөмөлдөөнү тапшырды.

Өзбек лидери 3-мартта өткөн селектордук жыйын учурунда өлкөдө кыймылсыз мүлктүн баасы өтө жогору болуп жатканына нааразы экенин айткан.

Ошол эле күнү Бухара облусунун башчысы «Темир дептерге» киргизилген муктаж үй-бүлөлөргө бизнес үчүн 1000 контейнер жасаларын жана жеңилдетилген насыя иретинде берилерин кабарлаган. Расмий маалыматка караганда, муну президент өзү сунуштаган.

Контейнерлерден мобилдик үйлөрдү жасап саткан ишкердин айтымында, сантехникасыз жана ашкана жабдууларысыз кеңселердин баасы орто эсеп менен 3000 АКШ доллары турат.

Буга чейин Бухара жана Наманган облустарынын башчылары аймактагы көйгөйлөрдү жеринен чечүү үчүн көчмө контейнерлерде жашай турганын билдиришкен.

Мындай мобилдик үйлөр президент Шавкат Мирзиёев Наманган жана Фергана облустарындагы өнүкпөй калган маалелерди күтүүсүздөн кыдырып чыккандан кийин пайда боло баштады.

Наманган облусундагы Бунёдкор маалесине барган президент аймак электр кубаты, иче турган суу жана жаратылыш газы менен эмдигиче камсыздалбаганын сындаган.

Мындан соң Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдураззаков абал жакшырганга чейин ушул мааледе жашоого убада берген.

XS
SM
MD
LG