Ссылки доступа

Nexta Лукашенконун байлыгы туурасында даректүү тасма жарыялады


Беларуста оппозициячыл Nexta телеграм-каналы «Алтын түп» аттуу даректүү иликтөө жарыялады. Фильмде Александр Лукашенко коррупцияга айыпталган.

Nexta телеграм-каналы бир жумадай жаңыланбай, анын администраторлорунун тагдырлары тууралуу айың кептер тарай баштаган. Бирок дүйшөмбү күнү эртең менен каналда жаңы жазуу пайда болуп, бул аралыкта Nexta Лукашенконун байлыгы тууралуу тасма даярдап жүргөнү айтылды.

Иликтөөдө Лукашенко Беларустагы көптөгөн мамлекеттик резиденцияларды, анын ичинде Эгемендүүлүк сарайын менчиктеп алганы айтылат. Мындан тышкары президент кымбат баалуу белектерди алары жана коррупциялык максатта чет өлкөлүк бир катар ишкерлерди коргой турганы белгиленген.

Лукашенко өзү эч кандай байлыгы жоктугун, колдонгондору мамлекетке таандык экенин айткан.

Ал өткөн аптада: «Менин «хансарайым» бар. Ал апам менен чоңойгон үй, менимче узун-туурасы 7ге 8 метр болсо керек. Мына ошол менин «хансарайым», – деген.

19-январда Навальныйдын тобу Геленжиктеги «хан сарай» жөнүндө иликтөө жарыялап, ал Владимир Путинге таандык экени айтылган. Жалаң гана «хан сарайдын» баасы 100 миллиард рублдей (1,35 миллиард АКШ долларындай) акчага татыйт. Бул аксарай жайгашкан чакан аймактын үстүнөн учууга уруксат жок, кишилерге өтө катаал тартипте гана ал жакка кирүүгө мүмкүн. Тасманы алгачкы күндөрү эле 100 миллиондой киши көргөн.

XS
SM
MD
LG