Ссылки доступа

Тажикстанда кытай компаниясынын жумушчулары эмгек шарттарына даттанууда


Душанбеде тажик өкмөтүнүн жаңы имаратын куруп жаткан «Чиангду» кытай компаниясынын жумушчулары эмгек шарттарынын начардыгына жана укуктарынын бузулуп жатканына даттанууда.

«Бардык оор иштерди жергиликтүү жумушчулар аткарат. Кытайлыктар инженер, прораб болуп иштеп же иш бөлмөлөрүндө отурушат. Биз тогуз сааттан иштеп, оор жумушубуз үчүн болгону 70 сомони (6 доллар) алабыз», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын бири.

Тажикстандын Эмгек кодексине ылайык, жумушчулардын иш убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпашы керек. «Демек, жумушчулар айына кеминде сегиз күн эс алышы керек. Бирок компаниянын жетекчилиги жергиликтүү жумушчуларга айына төрт гана дем алыш күн берүүдө. Буга макул болбогондорду иштен кетирип жатышат», — деди дагы бир жумушчу.

Жумушчулардын бул даттануусу боюнча аталган компаниянын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин өкүлү аталган компаниянын жумушчуларынан эч кандай даттануу болбогонун билдирди.

Акыркы жылдары Тажикстандагы бардык ири объектилерди кытайлык компаниялар куруп жатат. Буга чейин алар Улуттук китепкана менен Тышкы иштер министрлигинин имараттарын тургузса, азыр парламент жана өкмөт үйүн курууда.

XS
SM
MD
LG