Ссылки доступа

Ош мэриясы: Сарыбашовдун үйү делген видеонун мэрге тиешеси жок


Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго таандык хан сарай курулуп жатат делген видео тарады. Тасмадагы маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров четке кагып, «Азаттыкка» берген интервьюсунда ал курулушка мэрдин тиешеси жок экенин билдирди.

Коомдук тармактарда жана «Ютубда» Ош шаарынын мэри эжесинин атына катталган жерге хан сарай курдуруп жатат делген видео жайылууда. Аны автору «Бул имарат бүтсө, Раимдин үйү да жолдо калат» деп сүрөттөгөн.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров бул маалыматты төгүндөп, салынып жаткан үй мэр Таалайбек Сарыбашовго да, анын жакын туугандарына да тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында бул жергиликтүү кеңешке шайлоо алдындагы саясий каралоо.

«Азыр Ош шаарындагы саясатчыларда, олигархтарда, байларда бир эле маселе турат. Шаардык кеңешке өзүнүн таасирин көрсөтүп, партиясын алып келүү. Андан соң мэрди шайлоо. Бул шайлоонун шайтан оюну. Каралоо, копраматтарды чыгаруу ар кандай жалаа жабуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш да»,-деди Азамат Абсаттаров.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдан бери мэрияны жетектеп келе жатат. Ал 2012-жылы Алай районунун акими болуп дайындалып мамлекеттик кызматка алгач ирет келген. 2015-жылы Ош облусунун губернатору болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG