Уюм Бээжиндин мусулмандарга жасаган аракетине көз карандысыз анализ жасап, Кытайдын саясаты геноцидге каршы конвенциянын ар бир беренесине каршы келет деген бүтүм жасаган.
Бээжин куугунтук тууралуу ырастамаларды четке кагып, кайра тарбиялоо лагерлери терроризм жана экстремизмге каршы уюштурулган, кесипке үйрөткөн борборлор экенин билдирип келет.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы январда Кытай Шинжаңда адамзатка каршы геноцид жана кылмыш жасап жатканын билдирген. 9-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү президент Жо Байдендин жаңы администрациясы бул бааны өзгөртө ала тургандай эч кандай жылыш көрбөй жатканын маалымдаган.
Экинчи Дүйнөлүк согушткан кийин кабыл алынган геноцидге каршы конвенцияга Кытай да кол койгон. Документте геноцидге аныктама берилип, ал «улуттук, этникалык, расалык же диний топторду толугу менен же алардын бир бөлүгүн курутууну көздөйт» деп сыпаттаган. Баяндамага ылайык, геноцид актыларына «кырып-жоюу, киши өлтүрүү, жапырт лагерлерге камоо, бала төрөөгө тыюу салуу, балдарды күч менен башка жакка көчүрүү» да киргизилген.