Ссылки доступа

Кызыл Чырым шайлоодо Лукашенкого жардам берүүгө айыпталды


Беларус оппозициясы Кызыл Чырым улуттук коомун өлкөдөгү президенттик шайлоодо жапырт бурмалоолорго аралашууга айыптады. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Маалыматка караганда, президенттик кампаниянын жүрүшүндө Кызыл Чырым шайлоо тилкелеринде иштөөгө үч миң киши жөнөтүп, добуш берүүнүн жыйынтыгын азыркы президенттин пайдасына чечип берүүгө көмөктөшкөн.

Кызыл Чырымдын рамий принциби – саясаттан оолак болуу. Бирок оппозициячы, коомдук ишмер Павел Латушко уюмдун Беларустагы өкүлчүлүгүн калыс жана көз карандысыз деп эсептебейт. Анын айтымында, уюм Александр Лукашенкого баш ийет.

Ал президент Кызыл Чырымдын Беларустагы жетекчиси Дмитрий Пиневичти саламаттык сактоо министри кызматына чейин көтөргөнүн мисал келтирди. Латушконун пикиринде, бийлик Кызыл Чырымды «ички саясий маселелерин чечүүчү платформа катары» колдонот.

Эл аралык Кызыл Чырым коому беларус бөлүмүнүн фальсификацияларга тиешеси бар экенин четке какты. Ошол эле маалда маселени териштирип, райондук же жергиликтүү деңгээлдеги өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн карап чыгууга убада берди.

XS
SM
MD
LG