Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы «боёк куюлган челектер от алып кеткендиктен», жумушчулар термикалык күйүк алышканын билдирди. 51 жаштагы жабырлануучулардын бири 95% денесинен күйүк алып, Темиртау шаарындагы борбордук ооруканага жеткирилди. 25% денесинен күйүк алган 50 жаштагы экинчи жабырлануучу Караганды шаарындагы ооруканада дарыланууда.
Аталган жылуулук борборуна ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы бул факты боюнча тергөө иштери башталганын кабарлады.
Жергиликтүү бийлик ЖЭБ-2деги кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлө турганын билдирди.
— Эмгек кодексине ылайык, башкы эмгек инспекторунун буйругу менен комиссия түзүлөт. Кырсыктын себептери атайын тергөөнүн жыйынтыгында аныкталып, ал боюнча кошумча маалымат берилет, — деди Караганды облустук Эмгек инспекциясы боюнча башкармалыктын басма сөз катчысы Айзада Жумабекова.
Темиртау шаарындагы ЖЭБ-2де быйыл февралдын аягында да кырсык болгон. Анда дароо бир нече буу казаны жарактан чыгып, шаар тургундарынын көбү суукта эки күн жылуулуксуз калган.