Ссылки доступа

Тажикстанда кар көчкүдөн үч киши каза болду (видео)


Тажикстандын Согди облусуна караштуу Айни районунда кар көчкү түшүп, үч киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 10-март күнү кечинде «Кооперация 19» аттуу тажик-кытай биргелешкен ишканасына жакын жерде болгон. Кырсыктан аталган компанияда иштеген тажикстандык үч жаран көз жумган. Куткаруучулар алардын сөөктөрүн кар алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

«Кырсык аймакка туман түшүп, кар жаап жатканда болгон. Мындай аба ырайына карабастан жумушчуларды иштөөгө мажбурлашкан. Иш аяктагандан кийин аларга унаа жөнөтүлгөн эмес, мындан улам жумушчулар жөө келүүгө аргасыз болушкан. Көчкү беш кишини басып калып, экөө аман калган», — деди компаниянын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү.

Кырсык болгон аймакта Кытайдын TBEA компаниясына таандык алтын кени жайгашкан. Ал кытайлык компанияга Душанбедеги жылуулук электр борборун куруп бергени үчүн өткөн.

«Ооба, бул кен TBEA компаниясына таандык, бирок жумуштарды тажик-кытай биргелешкен «Кооперация 19» ишканасы аткарат. Жумушчулар жетекчиликтин шалаакылыгынан улам көз жумду. Туманда, кар жаап жатканда иштегенге болбойт, бирок компания аба ырайы кандай болсо да жумушчуларды иштете берет. Болбосо жумуштан кетиребиз деп коркутушат», — деп кошумчалады компаниянын өкүлү.

Апта башында Душанбеде өкмөт үйүн куруп жаткан тажикстандык жарандар да кытайлык жумуш берүүчүлөрдүн аракетине даттанышкан. Ага чейин «Покруд» алтын кенинде иштеген жумушчулар тобу да эмгек шарттарына арызданышкан.

Өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин өкүлү жумушчулардан расмий даттануу болбогонун билдирип, каттоого алынган арызсыз компанияда текшерүү иштерин жүргүзө албай тургандыктарын айткан.

XS
SM
MD
LG