Ссылки доступа

Жапаров менен Мирзиёев биргелешкен инвестициялык фонд түзүү тууралуу макулдашты


Ташкентте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу аяктады.

Анын жүрүшүндө мамлекет башчылар эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, азыркы абалы менен келечегин жана натыйжалуу өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө эки өлкөнүн эли реалдуу натыйжаларды сезип, президенттер сөздөн ишке өтүп жатканын көрүшү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани бере турганын белгилеп, бизнес өкүлдөрү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү аркылуу өз ара соода жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү максатында биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү, ишканалардын жана бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү, Кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу пайдалануу жана энергетика жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

Садыр Жапаров Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен 11-мартта барган. Бул анын президент болуп шайлангандан кийинки Өзбекстанга жасаган алгачкы сапары.

Кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү тууралуу макулдашуу былтыр декабрда эки өлкөнүн вице-премьерлеринин деңгээлинде жетишилген. Анда фонд ортодогу Финансылык кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун алкагында түзүлүп, уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөрү кабарланган.

Видео

Видео

Саясатты сатирага салган Самат
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:27 0:00
XS
SM
MD
LG