Жарлыкка ылайык, ипотекалык негиздеги турак жайлар базар принциптерине шайкеш берилет.
Айыл жерлеринде 8 336 батирден турган көп кабаттуу жеткиликтүү үйлөр курулат. Айрым категориядагы кишилер үчүн 3 550 батирлүү турак жайларды салуу каралууда.
Жеке турак жай куруу же реконструкция үчүн жеке жактарга насыя берүү тартиби бардык региондордо киргизилди. Буга чейин мындай жол-жобо Анжиян, Наманган жана Фергана облустарында гана болгон. Ар бир облуста жана Каракалпакстанда 500дөн жеке турак жай курууга насыя берилет.