Маалыматка караганда, башкы дарыгер 10-мартка караган түнү үйүнүн жер төлөсүндө асынып алып, оор абалда өзү иштеген ооруканага жеткирилген. Азыр аны абалы оор деп бааланууда.
Өз булактардын маалыматына караганда, бул окуяга чейин прокуратура кызматкерлери ооруканада бир катар мыйзам бузууларды, анын ичинде ири өлчөмдө акча уурдоо фактысын аныктап, аларга башкы дарыгердин тиешеси бар экени айтылган.
Буга чейин өткөн жылдын аягынан бери Түркмөнстандагы мамлекеттик мекемелер менен өндүрүш ишканаларында ири текшерүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. Бул текшерүүлөрдүн алкагында айрым ишканалардын, ошондой эле күч түзүм мекемелериндеги бир катар жетекчилер камакка алынган.