Ссылки доступа

Казакстандык диджей Imanbek «Грэмми» сыйлыгын алды


Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов "Грэмми" сыйлыгын жеңип алды. Анын америкалык рэпер SAINt JHNдин "Roses" композициясына жасаган ремикси мыкты деп табылды.

Зейкенов инстаграмга: "Музыканттын карьерасында эң сонун нерсе –"Грэмми" утуп алуу жана биз муну жасадык", – деп жазды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 14-мартта Grammy сыйлыгын тапшыруу онлайн өттү.

Иманбек Зейкенов Павлодар облусунун Аксу шаарында темиржолчу болуп иштеген. 2016-жылы чыккан "Roses" ырына 2019-жылы ремикс жасаган. Бул чыгарма ютубда миллиондогон көрүүчүлөрдү топтогон.

Былтыр америкалык New York Times газети 19 жаштагы Imanbek тууралуу макала жазган. Ал Grammy уткан алгачкы казакстандык болуп калды.

"Грэмми" сыйлыктарын америкалык үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет.

Видео

Видео

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:41 0:00
XS
SM
MD
LG