Ссылки доступа

Алматы полициясы митинг катышуучуларын Кытайдын консулдугу тарапка өткөрбөй койду (видео)


15-мартта Алматы полициясы бир айдан бери Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотуу талабы менен пикет өткөрүп жаткан жарандардын Кытай консулдугунун имаратынын алдына баруусуна мүмкүндүк берген жок.

Активист Байболат Кунболатулы Facebook баракчасындагы түз эфирде полиция кызматкерлери акция катышуучуларын консулдук имаратына 100 метрден ашык калганда токтотконун билдирди.

— Чогулгандар консулдук имаратты көздөй өтүүгө аракет кылышты, бирок полиция кызматкерлери аларга мүмкүндүк беришкен жок. Тирешүү учурунда акция катышуучуларынын биринин кан басымы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп жыгылып кала жаздады. Ага тез жардам чакырылды, азыр абалы жакшы, — деди Кунболатулы.

Анын айтымында, полициянын мындай аракеттеринен кийин чогулгандар 16-мартта кайра акцияга чыга тургандыктарын айтып, тарап кетишти.

Facebook’дагы түз эфир учурунда полиция кызматкерлери Алматы шаары коронавирустун жайылуусу боюнча «кызыл зонада» экенин айтып, бул аймакта чогулууга болбой турганын билдиришкен.

Бир айдан ашык убакыттан бери Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотуп, өлкөдөн чыгуусуна уруксат берүүнү талап кылган жарандар Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикеттерди өткөрүп келишет. Бул аралыкта кытай дипломаттары чогулгандардын алдына бир да жолу чыккан жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пикет катышуучуларына алардын акциялары «мыйзамсыз» экенин эскерткен. Февралда пикетке чыккан эки жаран кармалып, 10-12 суткага административдик камакка алынган.

Ал ортодо 15-мартта Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мекеме башчысынын орун басары Кытайдын элчиси Чжан Сяо менен жолугуп, «казак-кытай мамилесинин актуалдуу маселелерин» талкуулаганын билдирди.

«Тараптар Кытайда жашап жаткан жакындары менен жолугууга көмөктөшүү тууралуу казакстандык жарандардын кайрылууларын талкуулашты. Элчи Чжан Сяо кайрылгандардын жакындары Кытайдын жарандары экенин, алар өлкө мыйзамдарын бузууга байланыштуу жазаларын өтөп жатканын билдирди», — деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Кытайда 1,5 миллионго жакын казак жашайт. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына отурукташкан. Бул аймакта уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын «лагерлерде» негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы «тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар» катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG